Кыргыздын таланттуу жаштары дүйнө жылдыздарына кубулууга даяр
Зарина Осмонова "ырчы Бейонс Ноулстун чыгармаларынан аткарам" дейт


Зарина Осмонова "ырчы Бейонс Ноулстун чыгармаларынан аткарам" дейт

Марлен Казакстандын белгилүү ырчысы Кайрат Нуртастын "Аурмайды журек" аттуу ырын аткарууга даярданууда

Ильяз Жаналиев "ырчы Иван Дорндун образын жаратам" дейт
Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринде бүгүн, 24-ноябрда шоу-бизнес өкүлдөрү катышкан “Жылдыздар кубулушу” аттуу шоу-программанын 2-сезону өтөт.
Бул долбоордо искусство чөйрөсүндө жаңыдан чыгып келе жаткан жаш ырчылар, ошондой эле өз талантын сынагысы келген жаштар дүйнө жылдыздарына кубулушмакчы.
Катышуучуларды колдоп ырчылар Дайыр Исмадияров жана Курал Чокоев келди. Алар аталган иш-чара Кыргызстандын таланттуу жаштарын колдоодогу алгылыктуу долбоорлордун бири экендигин белгилеп өтүштү.
“Бул сынакка жакын тааныштарымдын бири ырчы Дархан катышып жатат. Бардык катышуучуларга ийгилик каалайм”,- деди ырчы Дайыр Исмадияров.
"Кубулууга даярбыз!" деген катышуучулар толкунданып жатышканын да жашырышкан жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
Shekerbek

25.11.2013. 17:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге биздикилер жаны идея таба алышпайт ?????????
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.