super.kg logo

Борбордо “Жылдыздар кубулушу” сынагынын 2-сезону старт алды

 
Алина Омурзакова Ёлканын образында
Мунара Турусбек кызы Барбара Стрейсенддин образында
Мунара Турусбек кызы Барбара Стрейсенддин образында
Алып баруучу Нурсултан Майназаров
Калыстар тобу
Марлен ырчы Кайрат Нуртаска кубулганда

Бишкекте бүгүн, 24-ноябрда “Жылдыздар кубулушу” аттуу шоу-программасынын 2-сезону старт алды.  Кыргызстандагы таланттуу жаштардын катышуусундагы долбоорду Нурсултан Майназаров алып барууда.  Катышуучуларга стилист Замира Молдошева, ырчылар Асел Турдалиева менен Сайра Момунбаева жана режиссёр Эрнест Абдыжапаров баа беришмекчи.  Шоу-программанын алгачкы катышуучусу Алина Омурзакова ырчы Ёлканын «Сыйкырдуу шарда» аттуу ырын аткарса, Марлен Кайрат Нуртастын “Аурмайды журек” аттуу ырын аткарды. Ал эми Мунара Турусбек кызы Барбара Стрейсендке, Ильяз Жаналиев Иван Дорнго, Замира Осмонова Бейонс Ноулзго жана Назгүл Коңурбаева Кети Топурияга кубулуп, жагымдуу чыгармаларды аткарышты.

 Эске салсак, бул долбоордун 1-сезону 2013-жылдын август айында болуп, анда ырчылар Назми – София Ротару, Ислам Акматов – Александр Серов, Айбек Замирбеков – Стиви Уандер, Нуржигит Субанкулов – Рэй Чарльз, Силима – Анжелика Варум, Курал Чокоев – Адриано Челентано, Тола Турсуналиев – Мартин Сольвейг, Минюра Рахимжанова – Селин Дион, Ирина Ан – PSY`дын кейпин кийип, алардын репертуарындагы ырларды аткарып күч сынашкан эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: