super.kg logo

Нааразычылык жараткан Орусиядагы миграциялык борбордогу узун кезек. Министрлик түшүндүрмө берди

 

Москвадагы Кыргыз жараны медициналык кароодон өтүп, манжа издерин каттоо үчүн кезек күткөндөрдүн жоон тобун видеого тартып, социалдык тармакка жарыялады. Андан мигранттардын "Сахарово" көп функционалдуу миграциялык борборунда кезек күтүп турганын көрүүгө болот.

Тышкы иштер министрлиги аталган миграциялык борбордо ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары, анын ичинде Кыргыз жарандары үчүн өзүнчө "2А" коридору иштеп жатканын билдирет.

"Кыргыз жарандары комплекстин ичинде баштапкы этапта өзүнчө бөлмөдө тейленет (секторлор арасында өтүү үчүн электрондук браслет алуу, керектүү арыздарды жана бланктарды толтуруу). Ошол эле учурда медициналык кароодон өткөрүү, манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу бирдиктүү сектордо жүргүзүлөт. Ал жерде техникалык себептерден улам ЕАЭБ, анын ичинде кыргыздар үчүн өзүнчө кароо уюштуруу мүмкүнчүлүгү жок.

Узун кезектер маал-маалы менен болуп жатат. Тагыраагы, медициналык текшерүү этабында адамдардын агымы көбөйгөндө жана техникалык мүчүлүштүктөр учурунда пайда болууда. Ушул жылдын 26-февралында техникалык мүчүлүштүктөр болуп, ага байланыштуу жарандардын чоң кезектери орун алган. Бул маалымат социалдык тармактарда ар дайым болуп турчу чоң кезек катары таратылган.

"Сахарово" миграциялык борборунун маалыматы боюнча, узун кезектер жалпы комплекстин сырткы кире беришинде орун алууда. Ал жакка Кыргыз жарандары өзүнчө "2А" кире бериштен киришет. Күнүнө 500гө жакын Кыргыз жараны тейленип жатат, орточо күтүү убактысы 3 саат, элдин агымы көбөйгөн убакта 6 саатка чейин созулат. Министрлик бул маселени туруктуу көзөмөлүндө кармап турат", - дешти тышкы саясий ведомстводон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: