"Зордуктоо аныкталган жок". Элчилик Москвада зордукталып каза болду делген Кыргыз жараны боюнча үн катты

Текшерүүнүн жыйынтыгында 2022-жылдын 3-январында Москва шаарынын Кузьминки району боюнча Ички иштер министрлигине зордуктоо тууралуу билдирүү түшкөнү аныкталган.
Кыргыз жараны мурун сыныгы, алкоголдук ичимдиктерди колдонгондон улам мас абалында деген диагноз менен Москва шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Ошондой эле соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында зордуктоо фактысы жокко чыгарылган.
"Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө полиция бөлүмүнө чогуу алкоголдук ичимдиктерди ичкен эки Кыргыз жаран алып келинген.
Дарылоочу дарыгердин айтымында, 2022-жылдын 28-февралында Кыргыз жараны этанолго ууланып, пневмониядан улам жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Так себеби соттук-медициналык экспертизадан кийин аныкталат", - деп билдиришти элчиликтен.
Буга байланыштуу элчилик Орусиянын укук коргоо органдарына кайрылуу жолдоду.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.