Ички иштер министрлигинде Мамлекеттик туу күнү белгиленди








Ички иштер министрлигинде Мамлекеттик туу күнү белгиленгенин аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, ИИМдин борбордук аппаратында мамлекеттик туунун 30 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Иш-чара гимндин коштоосунда мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталып, ага ИИМдин борбордук аппаратынын бардык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана өздүк курамы катышты.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков өз сөзүндө бүгүн мамлекеттин тарыхын, азыркы учурун жана келечегин символдоштурган өзгөчө күн экендигин белгиледи.
“Бүгүн баарыбыз салтанаттуу саптык тизилүүгө туруп, мамлекеттик гимнди жүрөгүбүз менен ырдап, өлкөбүздүн бийик символу болгон мамлекеттик тууну желбиретип көтөрүп, 30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул даталуу күн, мекенин сүйгөн бардык жарандар, ички иштер органдарынын ар бир кызматкери үчүн абдан маанилүү”, - деди министр.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик туунун тарыхы жөнүндө кыскача баяндама айтылды.
Мындан 30 жыл мурун, 1992-жылдын 3-мартында мамлекеттик туу Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин атайын токтому менен бекитилген. Мына ошол күндөн тартып өлкөдө Мамлекеттик туу күнү салтанаттуу түрдө белгиленип келет.

