super.kg logo

Депутат Балбак Түлөбаев той-ашка кошумчаны алтын менен алып барууну сунуштады

 

Той-ашка кошумчаны алтын менен алып барууну салтка айлантсак деген сунушун Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анда Түркияда жамандык-жакшылыкта кошумчага алтын алып баруу салт экенин мисал келтирген.

“Калайык, шарт болуп калса! Баары бир той-ашка кошумча кошобуз. Түрктөрдө ушундай салт бар, тойлорго кошумча алтын алып барышат. Мына, бизде да ушундай шарт түзүлдү. Экономикага да пайда болот, казынага да акча түшөт. 1 граммдан 100 граммга чейин, чөнтөккө жараша биз деле ушуга өтсөк болот эле. Бардык банктардан сатып алганга шарт түзүү керек. Алтын ар дайым баа”, - деп жазган депутат.

Буга чейин президент Садыр Жапаров жарандарды акчаны алтын менен сактоого чакырып, "алтын кунун жоготпойт" деген пикирин айткан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: