super.kg logo

Сот Чым-Коргонго жөнөткөн Даниэль Ажиев чет өлкөдө эс алып жүргөн сүрөттөрүн жарыялады

 

Чет өлкөдө эс алып жүргөн сүрөттөрүн социалдык тармакта жарыялап жаткан Даниэль Ажиев Чым-Коргондогу республикалык психиатриялык ооруканадан соттун чечими менен чыгарылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжамал Каргабаева билдирди.

“Быйыл февраль айынын орто ченинде Чым-Коргондогу республикалык психиатриялык ооруканасынан соттун токтому менен чыккан. Ага ылайык, жашаган аймагында көзөмөлдө болот”, - деди Каргабаева.

Даниэль Ажиев 2020-жылдын март айында Инстаграмдагы баракчасына видео жарыялаган. Анда муктаждарга жардам таратканын сындагандарга нааразы болуп, кыргыз элин жалпылап сөккөн. Бул окуядан көп өтпөй "расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутууга" айыпталып кармалган. Экспертиза "Ажиев психикалык жактан дарыланууга муктаж" деген корутунду чыгарган.

Кийин соттун чечими менен Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканага жөнөтүлгөн. Ал жактан Чүйдүн Чым-Коргон айылындагы республикалык психиатриялык ооруканасына которулган.


кошулду





Даниэль Ажиев

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: