super.kg logo

Дүйнөдөгү эң кымбат дарыга муктаж болгон Аруузат: Каражат толугу менен чогулду

 

Генетикалык жүлүн булчуңдарынын атрофиясы диагнозу менен жабыркап, дүйнөдөгү эң кымбат дарыга муктаж болгон Аруузат Ташматованын дарысына каражат толугу менен чогулду. Бул тууралуу Аруузаттын апасы түз эфирде билдирди.

"Биринчиден бизге жардам берген ар бир адамга жүрөгүбүздөн ыраазычылык билдиргибиз келет! Биздин кичинекей Аруузат өзүнүн куткарылышы үчүн миллиондогон боорукер, таза жүрөк адамдарды бириктире алды.

Бул масштабдуу жыйын Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында биринчи жолу болуп, бардыгынын аракети менен аны жапканыбызга кубанычтабыз. Мындай сумманы көтөрүү мүмкүн экенине кээ бирөө ишенген жок. Бирок элибиздин ынтымагы, боорукердиги баарына кудуреттүү экенин дагы бир жолу далилдедик.

Эми "Золгенсма" дарысын алышыбыз керек жана анын канчага созуларын билбейбиз. Азыр бардык кыйынчылыктарды эске алуу менен, эл аралык чыр-чатактар балдарды дарылоого таасирин тийгизбээрине ишенебиз. Жакында балабыз эңсеген уколун алат деп ишенебиз!", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Аруузатка керек болгон "Золгенсма" дарысы 2 миллион 300 миң доллар турат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: