super.kg logo

Акылбек Жапаров президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана район акимдери менен видеоконференция байланышы аркылуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында жазгы-талаа иштеринин жүрүшү, президенттин "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгынын аткарылышы, жерлерди трансформациялоо жана башка актуалдуу маселелер каралды.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, биринчи кезекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер республиканын жетекчисинин жогоруда аталган чечимин толук аткарууга тийиш.

"Бүгүнкү күндө жергиликтүү бийлик органдарынын негизги милдети – жаңы жумуш орундарын түзүү. Алардын ишмердүүлүгү ишенип берилген аймактардагы тазалык жана тартип, жаңы жумуш орундарын түзүү, инвестиция тартуу, мамлекет башчынын жарлыктарынын жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышы сыяктуу көрсөткүчтөрү боюнча бааланат. Аймактардагы төрөт үйлөрүнүн абалына, сөөк коюуга байланыштуу жер маселесине көңүл бургула. Биз мамлекеттик банктар аркылуу таштандыларды кайра иштетүүчү ишканалар сыяктуу бизнес долбоорлорду биргелешип каржылоого даярбыз", - деди Акылбек Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: