super.kg logo

Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу долбоорун иштеп чыгуу башталды

 

Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу боюнча иштин буюртмачысы болуп "Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы аныкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Чечим темир жол тармагын өнүктүрүү, Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүүдө транспорттук камсыздоо жана республиканын жана анын аймактарынын экономикасын өнүктүрүү максатында кабыл алынган.

Документке ылайык, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу боюнча башкы подрядчы болуп "Кыргыз темир жолу улуттук компаниясынын" «Көпүрө куруу отряды» мамлекеттик ишканасы саналат.

Белгилесек, темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча милдеттер 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин иш-чаралар планына киргизилген.

“Балыкчы - Кочкор - Кара- Кече” долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабы болуп узундугу 63 чакырым болгон “Балыкчы-Кочкор” темир жол участогун куруу пландалууда.

Ошондой эле учурда долбоорлоо-изилдөө институттарын жана профилдик адистерди тартуу менен “Балыкчы-Кочкор” темир жол участогун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: