super.kg logo

Бейтаптын кол салуусунан бир кызматкер каза болгон. Чым-Коргондогу ооруканадан репортаж

 
Чым-Коргон дегенде эле адамдардын көзүнө караңгы бөлмөлөр, колу-буту байланган адамдар, сынган буюмдар жана ач кыйкырык, куу сүрөөн тартылышы мүмкүн. Чындап эле ошондойбу? Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриалык ооруканага барып репортаж даярдадык.
Аталган оорукана тууралуу эл арасында түрдүү имиштер айтылгандыктан чыгармачыл топ жолдо бара жатып бир аз кооптондук десек болот. Оорукананын астанасын аттаганда эле бизди башкы дарыгер Гүлжамал Каргабаева жылуу тосуп алып, оорукана менен тааныштырууга өттү.
Биз ооруканага түш ченде барганга байланыштуу алгач ашкана менен тааныштык. Ал жерде болгону 12 кызматкер 250-300 бейтапка тамак даярдашары маалым болду.
Учурда ооруканада дарылангандардын эң жашы 18 жашта. Алардын ар биринин өзүнчө тагдыры бар. Жетекчинин айтымында, дарылангандардын көбү экинчи топтогу майыптар.
Дарыгерлердин өмүрү кылдын учунда экени айтпасак деле маалым болсо керек. Бейтаптын кол салуусунун аягы өлүм менен аяктаган да окуя жок эмес.
Алгач биз түрмө сыяктуу жайга барабыз го деп ойлогонбуз. Бирок ал жерде шарт такыр башкача экен. Каалоочулар сыналгы көрсө, айрымдар китеп окуп, шахмат ойноп өзүн өнүктүрө алат. Бейтаптар туугандары менен бир жумада бир ирет телефон аркылуу сүйлөшүшөт.
Мени баарынан да бейтаптардын тил алчаактыгы жана тарбиясы таң калтырды. Алар тамактанууга да, дары ичүүгө катар тизилип жөнөшөт экен.
Кинодогудай эле айрым бейтаптар ооруканадан качышат экен. Бирок тиешелүү кызматкерлер тарабынан тез эле кармалып келери айтылды. Биз бейтаптардын абалын сураганда алар жакшы деп жооп берип жатышты. Бирок дарыгер бул жерде оорусун моюнга алган бейтаптар жок экендигин эскертти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: