super.kg logo

Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө 8 кызматтык унаа тапшырылды

 

Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө 8 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаровдун жол коопсуздугун камсыздоо багытында тапшырмаларынын жана ИИМдин министри Улан Ниязбековдун талаптарын аткаруу максатында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын начальниги Тилек Исаев Ысык-Көл облусунда болуп, облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов жана Ысык-Көл ОИИБи боюнча ЖКККБнын начальнигинин орун басары Тимур Кадыров, Ысык-Көл ОИИБи боюнча ЖКККБнын ЖКК жана УКТ бөлүм начальниги Аким уулу Мирлан менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, облустун ыйгарым укуктуу өкүлү менен Ысык-Көл облусунун аймагында жол унаа кырсыктарын коомчулук менен биргеликте алдын алуу профилактикалык иштерди күчөтүү жагы талкуланды.

Облустун аймагында жетишпеген жол белгилерин орнотуу, жол чырактарын көбөйтүү жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча биргелешкен алдын алуу иш-чараларын уюштуруу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөшүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: