super.kg logo

Азиз Аалиев: "Министрлер кабинети Баткендин социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө чоң көңүл бурат"

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев министрлер кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Коллегиянын алкагында ведомствонун 2021-жылга ишинин жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылга пландары каралды.

Өткөн жылы республикалык бюджеттен 2 миллион 749 миң сомго каржыланган 109 объектинин курулушу жана капиталдык ремонту бүткөрүлгөн, анын ичинде 48 мектептин жана алар үчүн спорт залдарынын, 844 орундуу 10 бала бакчанын, 320 орундуу 4 оорукананын, 2 маданий объектинин, 1 спорт объектисинин, 19 калктуу конуштагы 13 суу менен камсыздоо объектилеринин, 7 башка объектинин курулушу, ошондой эле 24 объектинин капиталдык ремонту жыйынтыкталган.

Баткен облусунда Баткен жана Лейлек райондорунун айылдарынын инфраструктуралык объектилерин калыбына келтирүү жана социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында 8 социалдык объектинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери бүткөрүлгөн.

Азиз Аалиев ведомствого жүктөлгөн бир катар артыкчылыктуу милдеттерди белгиледи.

"Министрлер кабинети Баткен облусунун социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө чоң көңүл бурат. Өткөн жылы бир катар объектилерди куруу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлдү. Бул ишти быйыл да улантуу зарыл. Аймактардагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселеси социалдык-экономикалык маселе. Бул курч маселени чечүүгө комплекстүү мамиле жасап, зарыл болгон учурда донорлордун кошумча каражаттарын тартуу маселелерин иштеп чыгуу зарыл. Калк ичүүчү таза суу менен камсыз болушу керек. Иштин бул участогу график боюнча өз мөөнөтүндө жана жогорку сапатта жүргүзүлүшү керек. Экинчи маанилүү маселе – республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин курулуш иштеринин жогорку сапатын камсыз кылуу", - деди ал.

Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде көп кабаттуу үйлөрдү үлүштүк куруу маселесинде жарандардын кызыкчылыгын коргоону караган ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана президенттин администрациясына киргизүү, калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгуу, курулуш иштеринин сапатын жана аны көзөмөлдөө талаптарын жогорулатуу тапшырмаларын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: