super.kg logo

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол куруу тармагында 11 долбоорду ишке ашырууда

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол куруу тармагында 11 долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында айтылды.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев маалымдагандай, учурда ведомство тарабынан жол куруу тармагында өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарын тартуу менен жалпы долбоордук наркы 10 141,3 миллион сомду түзгөн 11 долбоор ишке ашырылууда.

Анын айтымында, курулуш иштери Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 5 долбоордук тилкесинде, Бишкек-Ош жолунун 2 долбоордук тилкесинде, Ош-Баткен-Исфана жолунун 2 долбоордук тилкесинде, Түп-Кеген жана Талас-Тараз жолунда жүрүп жатат.

Реабилитацияланып жаткан участоктордун жалпы узундугу 143,9 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө даярдалып жаткан 3 жаңы долбоор боюнча иштер жүрүп жатат. Кеп Ысык-Көл айланма жолунун жана Арал-Суусамыр автожолунун 2 долбоордук участогу жөнүндө болууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: