Бишкектин мэри "Тазалыктын" кызматкерлеринин алдына шаарды санитардык тазалоону күчөтүүнү тапшырды



Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен таанышуу сапарында болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алар материалдык-техникалык жактан жабдуу, кызматкерлер үчүн коопсуз шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты.
Бишкектин мэри кызматкерлердин алдына шаарды санитардык тазалоону күчөтүү, турмуш-тиричилик таштандыларын чыгаруу үчүн өз убагында төлөм берүү боюнча шаардыктар арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү милдетин койду.
Жыйындын соңунда Эмилбек Абдыкадыров жамаатты Ак калпак күнү менен куттуктап, чың ден соолук, ийгиликтерди жана бакубат жашоо каалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.