Бишкекте "Z" белгисин унаасына чаптап алган айдоочуларга 5 жарым миң сомдон айып салынат
Бишкекте "Z" белгиси коюлган унаа ээлерине айып пул салынууда. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашат.
Маалым болгондой, айып 5 миң 500 сомду түзөт. Ошону менен бирге унаа айып короосуна токтотулат.
"Бул "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 194-беренесинин 1-пунктуна каршы келет. Унааларга атайын лицензиясы жок белги чаптап алууга болбойт", - дешет мекемеден.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарга Бишкек шаарында "Z" белгисин чаптап алган унаалардын сүрөтү жарыяланып, талкууга алынды. Бул белгинин түшүндүрмөсү жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.