Ош-Бишкек унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жеңил унаалар үчүн жол ачылды

Ага ылайык, эртең мененки саат 10:15тер чамасында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 224-чакырымында болжол менен 10443 куб метр кар көчкү түшүп, унаа жолдун 271-чакырымындагы Арал постунда жол жүрүүгө убактылуу чектөө киргизилген.
Аталган объектке №23 Жол тейлөө ишканасынын техникалары жана Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.
Натыйжада жеңил унаалар үчүн жол каттамы ачылды. Ал эми оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө күчүндө калды.
Буга чейин саат 11:30да "Сосновка" постунда унаалардын бардык түрүнө каттам убактылуу жабылганы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.