super.kg logo

Лебединовкада окуучуну урушкан деп жумуштан кеткен мугалим кайра ишине кайтты (сүрөт)

 
Чүйдүн Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназияда тарых мугалими менен окуучунун ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен мугалим иштен кеткен. Ал кайра ишине кайтып келгенин Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.
"Лебединовкадагы №1 мектеп-гимназиянын тарых мугалими Жылдыз Садырбаева өзү иштеп кеткен мектепке кайтып келди. Анын ишке кайтуусуна өз кесибине болгон сүйүүсү, өзү окуткан окуучулардын ата-энелеринин суранычы, ошондой эле министрликтин колдоосу түрткү берди", - дешти министрликтен.
Белгилей кетсек, 21-январда Лебединовкадагы мектептин тарых мугалими менен 8-класстын окуучусунун ортосунда чатак болгон. Андан кийин Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана кызматкерлердин катышуусунда жыйын болгон. Жыйындан кийин тарых мугалими өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча арыз жазып, иштен кеткен.
Бул окуядан кийин мугалим инфаркт алганы айтылган. Бирок мектептин директору маалыматты четке каккан.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: