super.kg logo

Венгриядагы эл аралык жыйында Кыргыз өлкөсүнүн туристтик потенциалы тууралуу баяндама жасалды

 
Венгриядагы эл аралык туристтик көргөзмөдө Кыргыз өлкөсүнүн туристтик потенциалы тууралуу баяндама жасалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-мартта Венгрияда өтүп жаткан «Travel Show Budapest 2022» Эл аралык туристтик көрмөзөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Туризм департаментинин директору Самат Шатманов Кыргыз өлкөсүнүн туризм дарамети жөнүндө баяндама жасады.
Анда кыргыз-венгр элинин бул тармактагы кызматташтыгы түбөлүктүү жана келечектүү экендигин белгилеп, Кыргыз өлкөсүнүн туризм жаатындагы артыкчылыгы, көчмөн элдин түпкү маданияты, каада-салттары жана кооз жаратылышы келген элди суктандырарын баса белгиледи.
Ошондой эле баяндамада Кыргыз өлкөсүнүн COVID-19 илдетине байланыштуу тиешелүү алгортимди кабыл алуу менен, алгачкылардан болуп чек араларын ачып, учурда 67 өлкөнү визасыз режимде кабыл алып жаткандыгын айтып, анын катарында Венгрия мамлекети бар экендиги маалымдады.
Учурда Кыргыз өлкөсүнүн эң маанилүү туристтик багыттарынын бири - бул тоолор.
Кыргыз өлкөсүндө 2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялагандыгын айтуу менен, Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы" деп жарыялоо жөнүндө резолюциясын бир добуштан колдошконун кошумчалады.
Анын алкагында тоо туризмин изилдөөгө көбүрөөк көңүл бөлүнөрүн, тоолуу аймактардагы туризмди өнүктүрүүдө жагымдуу шарттарды түзүү приоритеттүү иш-аракеттеринин бири экенин айтып, Кыргыз өлкөсүнүн туристтик потенциалын көрүү үчүн аларды Кыргызстанга келүүгө чакырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: