Поэтерапия: "Аял - бешик, турмуш ага бөлөнөт, Аял - талаш, согуш чыгат, эр өлөт"
Бүгүн, 8-март - Аялдардын эл аралык күнү. Майрамды утурлай акындардын асылзатка, энелерге арналган ырларын "Поэтерапия" рубрикасында топтодук.
Эне жүрөк алоолонгон Күн сунат,
Жаз! Аялзат! Бирдей гүлдөп, кулпурат.
Өнүп чыгып сулуулуктан, мээримден,
Өмүр жаркып, өлбөстүккө умтулат!
Аял-бешик, турмуш ага бөлөнөт,
Аял-талаш, согуш чыгат, эр өлөт.
Сүйүү, эргүү, не бир сонун кайрыктар,
Сулуулардын карегинен төрөлөт!
Жашообуздун кереметин арттырган,
Аялзаты таттуу дүйнө кант сунган.
Араңарда зор бакыттар жашасын,
Ар бир күндү 8-март кылган.
Автор: Бердибек Жамгырчиев
Аялдарга куттуктоо
Ар бир жылдын өз алдынча даңкы бар,
Ар бир айдын өз алдынча баркы бар.
Күлүп-жайнап гүлдөгүлө жалпыңар
Куттуу болсун сегизинчи мартыңар.
Ким жалбарбайт аял деген атыңдан,
Ким айланбайт эне деген асылдан!
Сенин даңкың, сенин баркың ченемсиз
Сенден чыккан улуу Ленин акылман.
Силер бизге Күн да болуп, Ай болуп,
Силер бизге эне болуп, жар болуп,
Жүргөн үчүн жүзүңөрдү жаркытып,
Силер менен биз жүрөбүз бар болуп.
Силерге айтаар өтүнүчүм, талабым,
Ыксыз болсо кечиргиле а жагын...
Келжиреген кем акылын сейрек тууп
Эстүүлөрүн көп туугула баланын.
Силер менен гүлдөп өстү заманым,
Силерге мен коер да бир талабым,
Жатып ичер жалкоолорун сейрек тууп
Эмгекчилин көп туугула баланын.
Оо аялдар, бирөөң жыттуу миң гүлдөн
Сулуусуңар суктандырып сүйдүргөн.
Эриш-аркак кайда болсо ээрчишип
Эсен болсун эркегиңер бир жүргөн.
Автор: Байдылда Сорногоев
Аялдын жүрөгү
Аялдын арабасы толо жүгү,
Тынымсыз тартып келет күнү-түнү.
Эне жүгүн алмашып кызы тартып,
Кычырап арабанын чыгат үнү.
Кылымдар кылчайбастан өтө берет,
Кыздар да эне жашка жете келет.
Автор: Тенти Адышева
КҮЛЧҮ, АПАКЕ!
Ыр деп апа, кармап жүрөм каламды,
Ырасында билбейм пайда табамбы.
Дабаа таппай жүрсөм сизге кечирчи,
Доктур болбой, «акын» болгон балаңды.
Туу болдуң ээ, балаң үчүн миңден миң,
Турмушумда баарын сизден үйрөндүм.
Бирок сиздей асыл адам боло албай,
Булганганын карачы, апа, дүйнөмдүн!
Мен кыйналсам, көздөн сыгып ачуу жаш,
Мага сиздей бирөө күйүп, жашыбас.
Билем бирок бир тамчыңа жашыңдын,
Менин кылар миң мээнетим татыбас.
Бир үшкүрбөй, азабыма чыдап миң,
Башка сиздей данакерлик кылат ким?
Сиз бар үчүн Жер огунда айланып,
Сиз бар үчүн Ааламыма чыгат Күн.
Жан дүйнөңө мен деп кайгы топтолуп,
Жашысаңыз, жаным кейип, от болуп,
Ааламдын бир кызыгы эмес, апаке,
Аалам өзү кетет мага жок болуп!
Күлчү, апаке, ошол бакыт, керемет!
Күлкүңүздөн жазга айланат төгөрөк!
Азабыңдын актабасам бир күнүн,
Алдыңызга баш урайын чөгөлөп!
Мээримиңдин актабасам ирмемин,
Мен алдыңда өтөйүнчү чөгөлөп!
Автор: Максат Жангазиев.
Тоолордун бүктөмүндөй.
Түйшүгү кабат-кабат,
Жыйылган жүктөрүндөй.
Пейили жараткандын,
Таптаза сүт көлүндөй.
Дүйнөсү укмуш эле –
Балдардын түштөрүндөй.
Ай-жылдар түтүн болду.
Тагдыры бирде жарым,
А бирде бүтүн болду…
Туугандар жүгүн артып,
турмушу бүкүр болду.
Эх, бизди чоӊойтом деп,
Дүйнөсү күкүм болду…
Төрт мезгил тегеренчү.
Көйгөйүн айтып ага
Көрүнгөн келе берчү…
Таруудай чачып жанын,
Таркатып бере берчү.
Уурдалып убактысы,
Убайым чеге берчү...
Жашоосу майдаланды.
Тоо түгүл, кырга жетпей
Ташыркап, тайгаланды.
Бактысын бөлүп-жарып,
Башкалар пайдаланды…
Кертилип кайран өмүр
Керексиз жайда калды…
Тийген Күн сыяктанып,
Түндү да кууп ийчү –
Көӊүлгө чырак жагып.
Жиндечү асман анда –
Жылдыздар кулап калып.
Жатса да жер алдында
Жүрөгү турат кагып...

ЭНЕ ЖҮРӨГҮ
Оо энеке, бакыт жаайт жамалыңда,
Ойго баттың, доорумда, заманымда.
Неге анда асманды карап жүрөм,
Бейиш болсо өзүңдүн таманыңда.
Ооба, бейиш, мээрим бар катылбаган,
Ооба, бейиш, бакыт бар жашырбаган.
Тирүүчүлүк өкүмүн сүрөт анан
Наадандардын максатын батырбаган.
Кадамынан күнүгө тапкан ардак,
Кимдер сенин ролуңду аткара алмак.
Тагдырымдан запкы жеп кулап жатсам,
Жүрөгүңдү берээрсиң башка жаздап.
Балалык доор, өмүр да өтүп жатат,
Бир бурчунан бир бурчка көчүп жатат.
Сенделгенде карайлап жарык таппай,
Сенин гана үмүтүң эшикти ачат.
Бир окуя жүрөктү келет өйүп,
Бар бактысы чайпалып, кеме чөгүп.
Жээкке сүрүп бу турмуш таштады эле,
Жан досумдун жаш эле энеси өлүп.
Оңой менен кайгыны тоготпогон,
Майышса да кайратын жоготпогон.
Өмүрүндө ыйлабас ошол досум,
Энекелеп, жер муштап шолоктогон.
Карегиме кан толуп көлкүлдөгөн,
Калдым досум тагдырдын өртүндө мен.
Энекең бар, сезилбес азыр сага,
Дүйнөдө жок бактылуу сенсиң деген.
Достун сөзү чынында тереңде экен,
Кайдан билдим, кайгыга эленбесем.
Бар дүйнөмдү ичинен багып жүргөн,
Бакытымдын башаты энемде экен.
Байкоо салсам өзүмдү терең карап,
Мен чырпыкмын, балпайган энем дарак.
Октоп келсе мылтыгын ажал бир күн,
Ойлонбостон мен үчүн энем барат.
Жолдор татаал өмүрдө эне баскан,
Көөдөндөгү көзүмдү энем ачкан.
Кара түнгө айланып энем жокто,
Каралбаган үйдөймүн желе баскан.
Ашууларга көз жетпейт энем ашкан,
Санааларга сөз жетпейт эне баткан.
Энелерди окшотом зор кемеге,
Түйшүктөрдү көтөрүп келе жаткан.
Күлтүңдөгөн уулдарын кошо жандап,
Эне жүрөт чечилбес түйүндө да.
Таяк менен үмүттү кошо кармап,
Эне жашайт карылар үйүндө да…
Жакшы ойлор заматта тебеленип,
Колум барбайт кээ кезде жазаарга да.
Оокат сатып, турмушту тегеренип,
Эне жүрөт күнүмдүк базарда да…
Кол жетпеген сыйда да эне жүрөт,
Шор кетпеген ыйда да эне жүрөт.
Тирүүлүктү айланып күн сыяктуу,
Тириликти жылыткан эне жүрөк.
Тереңинде күн жаткан эне жүрөк,
Сезимине гүл баккан эне жүрөк.
Ата-журтка мээримин төшөп коюп,
Таш жолунда өмүрдүн эне жүрөт.
Көлөкөңдөй өлгүчө коштогон ким,
Көңдөй уулун жаманга кошпогон ким.
Бейишиңден айрыган тозок ошол,
Энелердин жүрөгү токтогон күн…
Эч ким сыздап энесин жоктобосун,
Энелердин жүрөгү токтобосун!!!
Автор: Бердибек Жамгырчиев
кошулду

