super.kg logo

Президент өлкө айымдарын 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

"Жадыраган жазды коштой кирип келген 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Табият тартуулаган түгөнгүс мээрим менен көөнөргүс аруулуктун ээси болгон аялзат үй-бүлөнүн түмөн түйшүгүн эле эмес, жер жүзүндөгү бейпилдикти, тынчтыкты бекем кармап турат. Дал ошондуктан эне жүрөгүнө бүтүндөй аалам батат эмеспи. Мына ушундай улуу касиет үчүн биз сиздерге өмүр бою милдеттүүбүз!

Эне мээрими — адам баласынын руханий жетилүүсүнө, адам болуп калыптануусуна үрөн себе турган, жашоосунда ишенимдүү таянычы боло турган асыл баалуулук. Асылзаттын так ушул образы бүтүндөй адамзаттын асыл-наркы болгон эне тилибизди жатыктырып, аны кастарлап-сыйлоого, бабалардан бери келаткан каада-салт, үрп-адаттарды аздектеп алып жүрүүгө, Мекендин чыныгы атуулу кылып тарбиялоого үйрөтөт. Ошентип аял коомдо өзгөчө орунду ээлейт. Ал камкор эне, мээримдүү жар, жоопкер кызматчы, демилгелүү жетекчи.

Кыргыз элинин тарыхында аялзат өз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө эбегейсиз зор салым кошуп келген. Бүгүнкү күндө да аялзатынын катышуусуз экономикалык жана саясий кайра курууларды ийгиликтүү ишке ашырууну, элибиздин руханий дөөлөттөрүн кайра жаратууну жана өркүндөтүүнү, коомдун адептүүлүгүн бекемдөөнү жана улуттук мүнөздүн өзгөчөлүктөрүн — нарк-насилибизди сактоону элестетүү мүмкүн эмес.

Ардактуу замандаштар — Кыргыз мамлекетинин аруузат айымдары!

"Аял жылмайса — аалам жылмаят» дегендей, сиздер жан дүйнө сулуулугуңуздар менен ааламды багындырып, ар дайым аруу тилектериңиздер менен жакшылыкка үндөп, албан-албан иштерге шык-дем берип келесиздер.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм. Сиздерге жана жакындарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалайм", - деп айтылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: