super.kg logo

Жогорку Кеңештин төрагасы 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Аялзаты эзелтен эле үйүбүздүн куту, балдардын мээримдүү энеси, жароокер жубайы катарында төрүбүздүн сыймыгы болуп келген.

Өмүргө өмүр улап, ар бирибизди камкордукка алып, жылуулук тартуулаган да аялзаты. Андыктан жашообуздагы жагымдуу окуялар сиздер менен гана байланыштуу.

Элибиздин башына түшкөн оор сыноолордо да аялзаты келечек үчүн жоопкерчиликти алып, өзүнүн даанышмандыгын көргөзүп келген. Өзүнүн ак эмгеги менен белгилүү болгон айымдарыбыздын ысымдары түбөлүк тарых барактарында жазылып, кийинки муундарыбызга татыктуу өткөрүлүп келет.

Сиздер өлкө келечегин жаратып, улуттун учугун улаган кадырман энесиздер. Сиздердеги аруулук, сабырдуулук жана кажыбас кайрат калкыбызга дем-күч берип, баарыбызды жаркын үмүткө чакырат.

Биздин асыл айымдар, бар болуӊуздар! Дагы бир жолу майрамыӊыздар менен! Ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалайм", - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: