super.kg logo

"Бүгүн өзгөчө күн". Ички иштер министри Улан Ниязбеков 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн, 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Куттуктоо ИИМдин расмий сайтына жарыяланды.

"Урматтуу Кыргызстандын асылзат айымдары!Апалар, эжелер жана карындаштар!

Сиздерди жадырап жайнап келген жаз майрамы 8-март - Аялдардын эл аралык майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Ушул жазда Сиздердин мээримдүү жүрөгүңүздөрдө кубаныч уялап, жүзүңүздөрдөн күлкү кетпей, бактылуу болушуңуздарга тилектешмин!

Сиздер бар үчүн жергебизде балдардын күлкүсү угулуп, дасторкондорубуз түркүн даамга жайылып, үйлөрүбүз ырыскыга толуп турат. Аялзаты - бул үй-бүлөнүн, жалпы адамзаттын куту, өмүрдүн булагы. Сиздердин демиңиздер менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай жана ийгилик жаралат. Аялзаты Каныкейдин акылмандыгын, Жаңыл Мырзанын каармандыгын, Курманжан Датканын кайраттуулугун жүрөгүнө сиңирген асылзат адамдар!

Азыркы учурда аялдар коомдун экономикалык жана саясий турмушуна, мамлекеттик бийлик органдарынын, ички иштер органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине активдүү катышууда. Аялзат – үй-бүлөнүн берекеси, жашообуздун башкы каарманы, жаркын тилеги, нур чачыраткан жарыгы, жанып турган жылдызы, айтор, бардык бийиктиктерди өзүнө камтып турган мээримдүү, боорукер, балдарына болгон сүйүүсү чексиз, жан дүйнөсү назик жаркын адам. Аялзатын урматтап сыйлай билүү – ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Жергебизде тынчтык, токчулук, береке болсун! Кыргызстандын келечеги кең болсун! Ардактуу энелер, кымбаттуу эже-карындаштар!

Бүгүн сиздер үчүн өзгөчө күн. Сиздер күн сайын белек алууга, урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуусуздар. Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин, жаркын маанай, берекеси төгүлгөн жакшылыктарды каалайм! Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр тилейм! Майрамыңыздар кут болсун! Сиздерди майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!", - деп жазылат Улан Ниязбековдун куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: