Кыргыз элчиси АКШда билим алууну каалагандар үчүн көбүрөөк орун бөлүүнү өтүндү

Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын билим берүү жана маданият иштери боюнча орун басары менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жолугушуу учурунда АКШ менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын деңгээли тууралуу кеңири пикир алмашуу болуп, келечекте кызматташуунун багыттары талкууланды. Жолугушууда Америка тарап эки өлкөнүн ортосундагы соңку жылдары аткарылган ар түрдүү программалар тууралуу кыскача маалымат беришти.
"Бакыт Аманбаев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик реформалар жана билим берүү системасындагы артыкчылыктуу багыттарга жана муктаждыктарга кеңири токтолду. Андан аркы сөзүндө кыргыз элчиси билим берүү тармагын жакшыртуу ар бир өлкөнүн эң артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин баса белгилеп, АКШнын Мамлекеттик департаментинин билим берүү жаатындагы Fulbright, FLEX сыяктуу ар кандай программалары боюнча Кыргыз өлкөсүнө бөлүнгөн орундардын санын көбөйтүү жагын караштырып берүүнү өтүндү. Мындан сырткары кошумча программаларды киргизүү боюнча өз сунуштарын ортого салды.
Америка тарап билим берүү жаатында сунуштаган келечектүү долбоорду колдоорун билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү кызматташтыгын күчөтүү боюнча келечекте биргелешип иш алып барууну макулдашты", - дешти элчиликтин маалымат кызматынан.
Маалымат үчүн: АКШнын Мамлекеттик департаментинин билим берүү жана маданият иштери боюнча бюросу АКШнын тышкы саясий максаттарын алдыга жылдыруу үчүн зарыл болгон билим берүү тармагындагы кесиптик жана маданий алмашуу жана башка программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.