super.kg logo

Бишкектеги соода түйүндөрдүн биринде ККМ аппараттары текшерилди

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Бишкек шаарындагы "Айчүрөк" соода жана оюн-зоок комплексине пландан тышкаркы текшерүү менен барды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө айрым сатуучулардын ККМ тууралуу түшүнүгү жок экендиги, айрымдары орнотууга ниеттенбей жаткандыгы белгилүү болду.

"Бул жерде соода түйүнүн ижарага алуу 30 миң сомдон башталат. Бул каражаттын баары соода борборлорунун ээлерине кетет, бирок биздин максат үй-бүлөсүн өз эмгеги менен баккан сатуучулар эмес. Биз ири соода түйүндөрүнүн салык төлөшүн каалайбыз. ККМ болбосо бул жерде, же башка соода борборлорунда канча соода түйүндөрү иш жүргүзүп жаткандыгын биле албайбыз. Бул өтө маанилүү",- деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Мындан тышкары ал Мамлекеттик салык кызматынын жеке ишкерлер арасында контролдук-кассалык машиналарга өтүү зарылчылыгы тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча ишин катуу сынга алды. Бул багыттагы иштерди күчөтүүнү тапшырды жана салык кызматы тарабынан мындай шалаакылыкка жол берилбеши керектигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: