Чүйдө ойноп жаткан жеринен дайынсыз жоголгон 8 жаштагы бала табылды
Чүй облусунун Сокулук районунда дайынсыз болуп изделип жаткан 8 жаштагы бала аман-эсен табылды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, табылган бала ата-энесине өткөрүлдү.
Маалым болгондой, жергиликтүү тургун милиция кызматкерлерине баласын табууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда 5-мартта саат 14:00дө үйүнүн жанында ойноп жаткан баласы дайынсыз болуп, табылбай жатканы айтылган.
Бул факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Анын алкагында изделип жаткан 8 жаштагы бала Жыламыш айылынан табылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.