super.kg logo

Бишкекте 5 жаштагы баланын бакчанын жетекчиси тарабынан сабалышы. Министрлик текшерүү жүргүзүлөрүн айтты

 
Бүгүн, 9-мартта социалдык тармактарга 5 жаштагы баланын Бишкек шаарындагы менчик бала бакчалардын биринде сабалганы жарыяланган. Билим берүү жана илим министрлиги аталган окуядан кийин бардык менчик бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзөт.
Министрликтен кабарлашкандай, жабырлануучу тарап көрсөткөн "Ала-Тоо" турак жай комплексиндеги менчик бала бакчага лицензия берилген эмес.
"Уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар билим берүү ишин жүргүзүү үчүн билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жободо белгиленген тартипте лицензия алууга милдеттүү.
Ата-энелер балдарын менчик формадагы бала бакчаларга берүүдө сөзсүз түрдө алардын укуктук-ченемдик документтери менен таанышып, эки тараптуу келишим түзүшү зарыл.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Бишкек шаары, Исакеев көчөсү 13 дарегинде жайгашкан "Ала-Тоо" турак жай комплексиндеги менчик бала бакча ээсинин мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү аныкталса, мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
Окуяга байланыштуу министрлик тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте республикадагы бардык менчик бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзөт", - дешет мекемеден.
Белгилей кетсек, Бишкекте бала бакчанын жетекчиси 5 жаштагы баланы уруп, денесине залал келтиргенин Балдардын укуктарын коргоо лигасынын директору Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: