super.kg logo

"Мал союлуп, дасторкон жайылып, тамак-аш берилбесин". Муфтият маркумду узатуудагы ысырапкорчулуктун алдын алуу жөнүндө фатва чыгарды

 

Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгы маркумду узатуудагы ысырапкорчулуктун алдын алуу жөнүндө фатва чыгарды. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду. Ага ылайык:

  1. Азалуу үйдө алгачкы үч күн ичинде мал союлуп, келгендерге дасторкон жайылып, тамак-аш берилбесин;
  2. Маркумга атап, үчтүк, бейшембилик, кырктык, жылдык жана башка ушул сыяктуу аттар менен жайылып жаткан дасторкондор эч бир диний китептерибизде айтылган эмес;
  3. Кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып "жыртыш" таратып берүү, кийит кийгизүү шариятта жок;
  4. Кабырдын үстүнө күмбөз жана башка нерселерди тургузуу шариятта жок нерсе, ысырапкерчилик. Күмбөз курганга кеткен акчаны жетим-жесирге, жакыр-муктаждарга берсе, сообу, пайдасы көбүрөөк болот;
  5. Фатваны аткаруу бардык кыргыз мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелинет.

"Аза күндөрү бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйдө атайын бир күндү белгилебей эле экономикалык абалына жараша, карыз албастан каалаган убакытта бир жолу кайрымдуулук иретинде куран окутуу жетиштүү болот", - дешти Муфтияттан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: