super.kg logo

Алымкадыр Бейшеналиев профессор Исманкуловго: "Эгер 3 сааттын ичинде клиниканы бошотпосоң, көйгөй жаралат"

 

Бүгүн, 10-мартта саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №2 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасына барды.

Иш-чара калкты медициналык тейлөөнүн сапаты менен тааныштыруу, ошондой эле мурда Исманкулов атындагы көздүн микрохирургиясы клиникасы жайгашкан оорукананын имаратын пайдаланууга берилиши менен тааныштыруу пландалган.

Бейшеналиев көздүн микрохирургиясы клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен телефон аркылуу байланышып, 3 сааттын ичинде клиниканы бошотуп коюуну айтты.

"Сен 24 жылдан бери кыргыз элин алдап келесиң. Мен сага буга чейин эскерткем, сен суранганың үчүн 10 күн убакыт бергем. Кайра артка жылдырып жатасың. Эгер 3 сааттын ичинде клиниканы бошотпосоң, өкүнүп каласың. Сенде көйгөйлөр жаралат. Азыр өзүмдүн кароолчуларымды коюп кетем. Эч ким кире албайт", - деген министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: