super.kg logo

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алды

 

Баткенде чек арада ок атышуу орун алды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ок атышуу бүгүн, 10-мартта саат 10:50 чамасында талаштуу аймак болгон Баткен районунун Тескей участогунда болгон. Анда Тажикстандын чек арачылары адаттагы маршрутун өзгөртүп, өз ордунда турган Кыргыз чек арачыларынан "ордуңарды таштап кеткиле" деп талап кылышкан. Ошондой эле ал жерге кошумча күч катары башка дагы тажик чек арачылары келишкен. Кыргыз чек арачылары алардын талабын аткаруудан баш тартып, ортодо 10 мүнөттөй ок атышуу орун алган.

Ок атышууда кыргыз тараптан жарадар жана жаракат алгандар болгон жок.

Учурда эки тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

“Тескей участогу мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагына кирет жана Кыргыз жарандары пайдаланып келген. Баткен облусундагы чек ара кайтаруу тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү”, - деп билдиришти басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: