Эрулан Кокулов Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине нааразычылыгын билдирди
Эрулан Кокулов ички иштер министри Улан Ниязбековдон милициянын кадрдык курамынын сапатын жогорулатууну суранды. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Менин суроом "Не сахар" долбоору боюнча. Кечээ күнү долбоордун съемкалары болуптур. Кыргыз өлкөсүндө мыйзамдар туура жана так жазылган, бирок иштебейт. Келген милиция кызматкерлеринин биринин күбөлүгү жок, адамдар менен орой сүйлөшөт. Көп мыйзамдарды билишпейт, анткени мен ал нерсени өзүм көргөм. Ушул боюнча Ички иштер министрлигине кайрылуу, кадрлардын билимин көтөрсө жакшы болмок", - деди Кокулов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
11

