super.kg logo

Бишкектеги 47-колония жоюлат. Абактагы адамдар кайда которулат?

 

Бишкектеги №47 абак жоюлат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта №47 түзөтүү мекемеси жоюлат. Ал жерде жайгашкан корпус Новопокровкадагы № 3, Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 жана №31 атайын мекемесине которулат.

Ал эми учурда №47 колонияда кармалып турган соттолгон адамдар сот мурда аныктаган камак режимине ылайык мекемелерге бөлүштүрүлөт.

Учурда Бишкектин ичинде эки жабык мекеме бар, алар №47 колония жана СИЗО-1.

“Мүмкүн мурда бул мекемелер шаардын чети деп салынып алыскы объектилер деп эсептелсе, азыр Бишкек барган сайын кеңейип, алар турак жайлардын жыш шакекчесинде калды.

Мындан тышкары, алар өздөрүнүн пайдалануу мөөнөтүн эчак эле аткарган жана заманбап талапка жооп бербейт. Эксперттер белгилегендей, коомдук коопсуздукка белгилүү бир коркунуч туудурат жана кылмыштуулуктун өсүшүнө да таасирин тийгизиши мүмкүн”, - деп билдирди басма сөз кызматы.

Буга чейин 47-абакты шаардан сыртка көчүрүү керектиги бир нече жолу көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: