Баткендеги чек арачылардын ок атышуусунан кийинки сүйлөшүү жыйынтыкталды
Кыргыз-тажик чек арасындагы эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосундагы ок атышууга байланыштуу сүйлөшүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүү Баткен районуна караштуу Паскы-Арык аймагында болгон.
Анын жыйынтыгында төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алынган:
- ар бир тарап 10-марттагы курал колдонуу менен орун алган чыр-чатакты өзүнчө териштирип, анын алдын ала жыйынтыгын 12-марттагы эки тараптын чек ара түзүмдөрүнун жолугушуусунда көрсөтөт.
- эки тарап тең чектеш жайгашкан айылдардын жергиликтүү жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантат. Кыргыз өлкөсүнүн Баткен жана Тажикстандын Согдий облустарынын губернаторлору бүгүндөн баштап чыр-чатактарды болтурбоо жана аларды алдын алуу боюнча керектүү чараларды көрүп башташат.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптын аскер кызматкерлеринин кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде өзүн өзү алып жүрүү эрежелерин сактоо боюнча суроолор көтөрүлдү.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү чыр-чатак орун алган жерге тартылган кошумча күч, каражаттарды жана техникаларды туруктуу ордуна жайгаштырууну келишишти.
Саат 16:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал туруктуу.

