super.kg logo

Бишкекте ысырапкорчулукка каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

 

Бишкекте ысырапкорчулукка каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева борбор калаанын райондук администрацияларынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө шаардыктар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси талкууланды.
Анда Бишкек шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө жобону иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлөрү аныкталган.

Анын курамына дин өкүлдөрү, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин депутаттары кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: