Каржы министринин орун басары милдеттерди талаптагыдай аткарбаганы үчүн сөгүш алды
Финансы министринин орун басарына сөгүш жарыяланды. Бул туурасында бүгүн, 10-мартта министрлер кабинетинен кабарлашты.
Маалым болгондой, Акылбек Жапаров министрлердин орун басарлары, мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.
"Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы аткаруучулук тартипти чыңдоо, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактоо, маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө кесипкөйлүгүн жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн министрлер кабинетинин төрагасы финансы министринин орун басары Руслан Татиковго сөгүш жарыялады", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.