super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Тургун Новопокровкадагы аталышы жок конушта жол көйгөйү жүрөк оорутканын айтты

 

Порталыбыздын "Элдик Кабар" бөлүмүнө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынын тургуну кайрылды.

Окурман аталган айылда жайгашкан конуштагы жолдун кейиштүү абалын айтып, видео дагы жөнөттү.

"Конушка официалдуу аталыш бериле элек. Бирок эл Новопокровка айылындагы Пост ГАИ деп аташат. Сары-Өзөн көчөсүнө 10 жылдан бери бир жолу дагы шагыл төгүлө элек. 2010-жылы мыйзамдуу түрдө жер тилкеси элге бөлүнүп берилип, 6 сотыхтан жер берилген. Үйлөрдүн кызыл китептери бар.

Жамгыр жааган учурда жергиликтүү тургундар эртең менен жумушка кете албай кыйналабыз. Өзүбүз жол жасаганга аракет кылабыз. Бирок ал деле натыйжа бербейт", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: