super.kg logo

Кыргыз өлкөсү менен Германиянын ортосунда “Жаштар үчүн келечек” макулдашуусуна кол коюлду

 
Кыргыз өлкөсү менен Германиянын ортосунда “Жаштар үчүн келечек” макулдашуусуна кол коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-мартта өлкөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) ортосунда “Жаштар үчүн келечек” биргелешкен планын ишке ашыруу үчүн макулдашууга кол коюлду.
Келишимдин максаты жаштардын экономикалык жана социалдык активдүүлүгүн күчөтүү боюнча саясатты жана иш-чараларды ишке ашыруу багытын жакшыртууну көздөйт.
Жыйынтыгында секторлор аралык кызматташуу жана улуттук деңгээлдеги стратегиялык негиздерди иштеп чыгууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде пландаштырууда жана бюджетти түзүүдө жаштардын ишин алдыга жылдырууга, жаштар иштери боюнча адистерди, жаш лидерлерди даярдоо жана жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү каралат. План боюнча иш-чаралар 2022-2025-жылга чейин белгиленген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: