super.kg logo

11-мартка карата 130 миңден ашык салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

 

11-мартка карата 130 миңден ашык салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 11-мартка карата 131 миң 781 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Анын ичинен 114 миң 976 – электрондук түрдө. Тапшыргандардын ичинен 47 миң 931 юридикалык жак, 45 миң 267 жеке ишкер, 15 миң 867 жеке жак, 4738 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 17 миң 978 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

Эске салсак, 1-апрелде жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.

Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;

– жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер;

– менчигинде салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участоктун (короо-жай участогунан башка) ээлери;

– юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: