super.kg logo

Акылбек Жапаров Садыр Жапаровдун Швейцарияга сапарын уюштурууну сунуштады

 

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Швейцария конфедерациясынын делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин башкы директору Патриция Данци жетектеген Швейцария конфедерациясынын делегациясын кабыл алды жана соода-инвестициялык, финансы-техникалык жана гуманитардык тармактагы кыргыз-швейцар кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулады.

"Министрлер кабинетинин төрагасы Швейцариянын делегациясына жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалар жана өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү улуттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал Швейцария Конфедерациясынын өкмөтү тарабынан Кыргыз өлкөсү менен экономикалык кызматташуунун орто мөөнөттүү жаңы программасынын бекитилишин кубаттады жана кыргыз тараптын өлкөдө ишке ашырылып жаткан долбоорлорду жана программаларды ар тараптуу колдоого даярдыгын ырастады", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров кыргыз-швейцариялык мамилелерин чыңдоо максатында 2022-жылы президент Садыр Жапаровдун Швейцарияга расмий сапарын уюштурууну сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: