Сокулук районунда зордуктоо кылмышына шектелип 18 жаштагы адам кармалды
Сокулук районунун
Ново-Павловка айылында зордуктоо кылмышына шектелип 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Сокулук
РИИБине аталган айылдын 22 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылган. Анда 23-ноябрь күнү саат 05:00дөр чамасында 16-20
жаштагы белгисиз адам үйүнө кирип, бычак менен коркутуп зордуктап кеткенин жазылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесине (зордуктоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө 18 жаштагы жергиликтүү тургун
кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.