super.kg logo

Эртеңден баштап өлкөдө милдеттүү түрдө бет кап кийүү жокко чыгарылат

 

2022-жылдын 12-мартынан баштап медициналык мекемелерди жана коомдук транспортторду эске албаганда милдеттүү түрдө бет кап кийүү жокко чыгарылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча штабдын жыйынын өткөрүп, анда ЖОЖдордо, орто мектептерде жана башка билим берүү уюмдарында, соода борборлорунда студенттер менен профессордук-окутуучулар курамына милдеттүү түрдө бет кап кийүүнү жокко чыгаруу чечими кабыл алынды. Андан сырткары, ресторан, кафе, коомдук тамактануу жайларында жана базарда, музейлерде, спорт клубдарында, китепканаларда бет капсыз жүрүүгө болот.

Саламаттыкты сактоо министрлигине 12-марттан тарта бет капты колдонуудагы алгоритмдерге жана инструкцияларга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылды.

Мындан тышкары, саламаттыкты сактоо уюмдарында, ошондой эле коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортто медициналык бет каптарды милдеттүү түрдө кийүүнү улантуунун маанилүүлүгү айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: