super.kg logo

Ырчы Анжелика: "Араб кийимин жайылтуума тыюу салып жатышат"

 

Ырчы Анжелика айрым адамдар анын араб кийимин жайылтуусуна тыюу салып жатканын жазып чыкты. Бирок ырчы эч ким аны токтото албай турганын белгилейт.

"Мен эмне жасасам эле жабылып "жейсиңер", жамандайсыңар, урушасыңар. Айымдарды ыйманга чакыруум менен кыргыз улуттук кийимин жок кылууга себепчи болуп калышым мүмкүн экен. Араб кийимин жайылтуума тыюу салып жатышат.

Макул, мен Кыргыз өлкөсүнүн патриоту катары кыргыз кийимин жайылтайын. Шөкүлө же элечек менен көчөгө чыгышсынбы, машыгып жатканын элестеткиле. Ихласымды катуу кармап, эч кимди уккум келбейт. Мага жазгандар толтура. Мени токтото албайсыңар, аракет дагы көрбөгүлө!

Чыдап тургула, биз улуттук колориттеги кооз кийимдерди даярдайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, ырчы апасы менен кичи ажылыкка барып келгенден кийин жоолук салынып жүрөт. Ал хиджаб болбосо дагы башында ар дайым жоолук болорун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: