super.kg logo

Министрлик: "Орусияда кыргыздар менен коңшу өлкөнүн жарандары мушташты"

 

Орусияда курулуш объектисинде иштеген Кыргыз жарандары менен коңшу өлкөнүн жарандарынын ортосунда мушташ орун алды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашат.

Андагы маалыматта 8-9-мартта Амурдагы газды кайра иштетүүчү заводдун курулуш объектисинде Кыргыз өлкөсү менен кошуна мамлекеттердин биринин жарандарынын ортосунда мушташ чыккандыгы айтылат.

"Мунун себеби ашканадагы чыр-чатак болгон. Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарынын ооруканага түшүшү боюнча маалымат түшкөн жок.

Бул окуянын чоо-жайын тактоо жана жабыркагандардын ичинде Кыргыз жарандарынын бар же жоктугун тастыктоо үчүн Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин Владивосток шаарындагы кеңсеси укук коргоо органдарына кат жөнөттү. Министрлик бул маселени өз көзөмөлүнө алды", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: