super.kg logo

Азамат Жаманкулов: "16 миллион сомго сүмөлөк кайнатылат деген туура эмес"

 

Буга чейин Баткен облусунда Нооруз майрамына карата 1 тонна сүмөлөк кайнатылары кабарланган. Бүгүн, 11-мартта социалдык тармактын колдонуучусу "Бюджеттин эсебинен 16 миллион сомго жасала турган сүмөлөк ысырапкорчулук" деген билдирүү калтырган.

Кызуу талкууга алынып жаткан 16 миллион сом жана сүмөлөк боюнча маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловго байланыштык.

"16 миллион сом деген туура эмес маалымат. Баткен шаарындагы борбордук стадионду оңдоп, жаңылоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 15 миллион сом бөлүнгөн. Учурда стадионду жакшыртуу, даярдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Стадион көптөгөн иш-чаралар өтүп туруучу жай. Ал эми 1 тонна сүмөлөк боюнча айтсам, сүмөлөк демөөрчүлөр тарабынан кайнатылат. Ага бюджеттен 1 да сом сарпталбайт", - деди министр.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: