super.kg logo

Алымкадыр Бейшеналиев ага каршы митингге чыккан травматологдор тууралуу: "Баарыңарды сабамакмын"

 

Бүгүн, 14-мартта саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги "Тез жардам" ооруканасына барып, ал жерде иштеген травматологдор менен жолугушту.

Жолугушууда министр февраль айында Сабырбек Жумабековду колдоп Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдына митингге чыккандар боюнча оюн айтты.

"Мени кетирем деп митингге чыккандарга чыгып жолугайын дегем. Менин мүнөзүм жаман, келсем ошол жерден уруша кетмекпиз. Мен институтта окуп жүргөндө баарын сабачумун, ал жерден дагы сабамакмын баарын. Анан видеого тартып албасын деп кой дедим.

Мен ойлойм, ар бир жерге барганда өзүңөрдүн башыңар менен барышыңар керек да. Мен түшүнгөн жокмун, "чыккыла" десе чыгып алыптырсыңар. Мен жаш балдарга айттым, алардын азыр түшүнүгү жок, келечеги алдыда. Министрдин орун басарын киргизбей коюптурсуңар. Бул кандай?", - деди Бейшеналиев.

5-февраль күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин астында Сабырбек Жумабековдун кызматынан алынышына каршы жарандар митинг өткөрүшкөн. Митингге чыккандар Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: