super.kg logo

Акылбек Жапаров Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жамаатына жаңы директор Равшанбек Сабировду тааныштырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жамаатына жаңы директор Равшанбек Сабировду тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Акылбек Жапаров белгилегендей, президент тарабынан "Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол коюлган. Ага ылайык Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты координациялоо президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин карамагына өткөрүлдү.

Министрлер кабинетинин башчысы учурдагы татаал шарттарда инвестицияларды тартуу, республиканын инвестициялык потенциалын жогорулатуу жаатында агенттиктин ишин толугу менен кайрадан карап чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Равшанбек Сабиров президентке жана министрлер кабинетинин төрагасына көрсөтүлгөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирди жана алдыга коюлган милдеттерге жана пландарга жетишүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшаларын билдирди.

Жыйынтыгында Акылбек Жапаров агенттиктин жаңы жетекчисине жана жамаатына ийгилик, жемиштүү иш каалап, Кыргыз Республикасына чет элдик түз инвестициянын агымы дээрлик 30 пайызга өскөнүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: