super.kg logo

Акылбек Жапаров: "Апрелде маданият кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу пландаштырылууда"

 

Бүгүн, 14-мартта "Манас" улуттук театрынын имаратынын ачылыш аземи болду. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүнкү күндө 30 жыл аралыгында жетиштүү көңүл бурулбай келген көптөгөн жакшы демилгелер өлкө жетекчилигинин колдоосу аркылуу ишке ашырылууда. Алсак, «Манас» театрына имарат бөлүнүп берилген. Кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын, каада-салтыбызды, элдик оозеки чыгармачылыкты, өзгөчө «Манас» эпосун сактоодо сиздердин салымыңыздар баа жеткис. Апрель айында социалдык тармактагы кызматкерлердин, анын ичинде маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу пландаштырылууда", - деди Акылбек Жапаров. Ошондой эле ал өнөр адамдарына чыгармачыл ийгиликтерди жана бакубаттуулук каалады.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, өлкөнүн Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.

Белгилесек, театр 2021-жылдын сентябрь айында «Манас» эпосун, ошондой эле кенже эпосторду жана манасчы, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо жана жайылтуу максатында негизделген. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-февралдагы Жарлыгы менен ага улуттук макамы ыйгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: