Билим берүү министринин орун басары: "Үй-бүлөдөгү материалдык кыйынчылыктардан улам 201 бала мектепке барбагандыгы аныкталды"
14-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алууга, ошондой эле мектептеги рэкетчиликти жок кылууга багытталган чаралар талкууга алынды.
Жыйында баяндама жасаган билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова үй-бүлөдөгү материалдык кыйынчылыктардан улам 201 бала мектепке барбагандыгы аныкталганын маалымдап: “Аларга керектүү кийим-кече жана окуу куралдарын сатып алууга президенттин фондунан 5 миллион сом каралып, мектепке кайтаруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле мектеп жашындагы балдар толук каттоодон өткөрүлүп, зордук-зомбулуктун алдын алуу чаралары систамалуу ишке ашырылууда”, – деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.