super.kg logo

ИИМ: "Каржы пирамидасы адамдарды алдоо менен өнүгүп жатат"

 

Ички иштер министрлиги жарандарды каржы пирамидалардын ишинин мыйзамсыздыгы жана «инвестициялардын» ордуна жеңил жана тез киреше сунуш кылган иштерге аралашпоону эскертет.

Министрликтин басма сөз кызматы бул боюнча атайын кайрылуу таратып, адамдарды эгер жакындары каржы пирамидасынын курмандыгы болсо токтоосуз милицияга кайрылууга чакырды.

“Өлкөбүздө жыл сайын он миңдеген жарандар каржы пирамидалардын курмандыгы болушат. Ар кандай каржы пирамидалар жарандардын чөнтөгүнөн алынган акча менен өнүгүп жатат.

Алдамчылар кыймылсыз мүлк, облигациялар жана акцияларды сатып алууну сунушташат, жогорку кирешелүү интернет долбоорлоруна, курулушка жана айыл чарбасына акча салууга убада беришет. Жогорку натыйжалуу өндүрүшкө инвестиция салууга үгүттөп келишет.

Көпчүлүк жабырлануучулар акчаларынан кол жууганына моюн сунушуп, алдамчыларга карата эч кандай аракет көрүшпөйт. Анын натыйжасында башка адамдарды алдоону улантууга өбөлгө түзүлүүдө. Эгер сиз алданып калган болсоңуз, анда мыйзам чегинде укугуңузду коргоого аракет кылыңыз!

Урматтуу жарандар, эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз каржы пирамидасынын курмандыгы болсо же сизге карата укукка каршы аракеттер болуп жатат деп шектенип жатсаңыз ички иштер органдарына токтоосуз кайрылыңыз.

Ички иштер министрлиги жарандарга мамлекетибиздин мыйзамдуу өкүлдөрү болгон мамлекеттик банктарга жана ипотекалык компаниялар менен гана өз ара кызматташууну сунуш кылат”, - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: