super.kg logo

"Шамбала" тасмасы Индияда өткөн фестивалда "мыкты фильм" деп табылды

 

Артыкпай Сүйүндүков режиссёрлук кылган "Шамбала" тасмасы эл аралык фестивалда байгеге ээ болду. Тагыраагы, Индияда өткөн "Rain International Nature Film Festival" сынагында кыргыз тасмасы "Күмүш пил" эл аралык сыйлыгына татыды.

"Кыргызфильм" киностудиясынан белгилешкендей, "Шамбала" тасмасы "Мыкты көркөм тасма" деп аныкталды.

Ал эми режиссёрдун айтымында, тасма 22-ирет эл аралык сыйлыкты алды.

"Индиядагы фестиваль онлайн болду. Пандемиядан бери эле чет жактарга чыгуу кыйын болуп, иш-чаралар онлайн өтүп калды. Бул жолку сыйлык 12-мартта келди. Мындан бир апта мурда эле "Шамбала" тасмасы Францияда болгон эл аралык фестивалда "Мыкты драмалык фильм" наамына ээ болду", - дейт ал.

Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Кыргыз өлкөсү тарабынан "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты эл аралык көркөм тасма" номинациясына тандалган. Ал буга чейин КМШ чөлкөмүндөгү эң мыкты тасма аталып, Орусиянын "Ника" киносыйлыгын жана бир нече эл аралык сынактарда мыкты деп табылып, байгелүү орундарга татып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: